Коом
Караколдо дагы таштандыны бөлүп салчу челектер коюлду

Ага республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн.
Баш-аягы облус борборуна 286 челек жасалса, азырынча 190у орнотулду. Калганы таштандыны кайра иштетүүчү завод иштей баштаганда коюлмакчы.
Келечекте алардын санын 570ке жеткирүү пландалууда.



