Коом

Экс-прокурор «Кыргыз алтынга» жетекчи болду

Ош шаарынын мурунку прокурору Кубат Абдраимов «Кыргыз алтын» ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Ал буга чейин компаниянын директорлор кеңешинде иштеген. Төрагалык кызматты ээлеген 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков өз арызы менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти.

Абдраимов прокурор болуп турганда 2020-жылдын 9-майында иш-чарага кызматтык кепка эмес, калпак кийип чыкканы үчүн катуу сөгүш алган.

2021-жылдын февраль айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Абдраимов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенин билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button