«Достук» чек ара өткөрмө пунктунда жасалган кылмышка  шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳсү кармалды

2021-жылдын 10-июнь күнү Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылынын тургуну М. Н.  Кара-Суу РИИБге  арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында, 2021-жылдын 10-июнь күнү болжол менен саат 14.00 чамасында  Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан “Достук” чек ара өткөрмө пунктунда ага бейтааныш болгон атуул аны уруп, денесине жараат келтиргендиги үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. 

Аталган факты ушул эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүндө (2017-жылкы редакция боюнча «Бейбаштык») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кара-Суу РИИБге  катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

2023-жылдын 18-январында жабырлануучу М. Н. өзүнүн кайрадан берген көрсөтмөсүндө окуя болгон жерде “Ыса жана Акыл” аттуу жарандар уруп, муунтуп,  көкүрөк көңдөйүнө уруп, бир кабыргасын сындырып койгондугун билдирген. Алган жараты боюнча соттук-медициналык кортундусу тастыктаган.

2023-жылы 19-январь күнү көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында  аталган кылмыш иши боюнча шектүү катарында кармалган  41 жаштагы А. А. кылмыштуу шериги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана 2018-жылдан бери Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 44 жаштагы А.Ы. кармалган. Кармалган жаран Кара-Суу РИИБнүн УКЖна киргизилди.

Кылмышка шектүүлѳр жабырлануучуну  ургандыгын тастыктап берген. Кылмышка шектүү 44 жаштагы А.Ы мурда 5 жолу сот жообуна тартылган.          

Азыркы учурда, кылмышка шектүүлөр А.А. жана А.Ы. башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоого багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүрүп жатат. Шектүүлѳргѳ карата баш коргоо чарасы боюнча 2023-жылдын 21-январь күнү каралуусу күтүлүүдѳ.