Окуялар

Бишкекте 18 жаштагы кыздын башкаруусундагы Kia унаасы кырсыкка кабылып, экиге бөлүнүп кетти

Бишкектин Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Kia Sorento унаасы жарнама илинген конструкцияны сүзүп, экиге бөлүнүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, унаада төрт адам болгон. Жеринде 22 жаштагы А.у.К. аттуу эркек жана болжол менен 23-25 жаштагы кыз каза болгон. Учурда 19 жаштагы Б.А. аттуу кыз оор абалда жана 18 жаштагы У.Н. аттуу айдоочу кыз канааттандырарлык абалда.

Милициядан белгилешкендей, айдоочу кыз унааны жакында эле алган. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай калган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button