Ысык-Көлдө 74 жаштагы киши өрттөн денеси 90% күйүп, каза болду

Ысык-Көл районундагы Кызыл-Өрүк айылындагы “Улан” турбазасында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган эркек киши жабыркап, 90 пайыз денеси күйүп, 4-даражадагы күйүк алган. Ооруканага жеткирилип, бирок ооруканада көз жумган.