Маданият

Айыптоочу соттон акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

Кечээ, 23-январда Чүй облусунун Москва райондук соту акын Болот Назаровдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин карады. 

Адвокат Бакыт Автандил соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу алмашканын билдирди. Тараптардын талкуусунда прокурор айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. 

«Мен коюлган айыпты абсурд деп эсептейм. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Болот Назаров жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөтүп, жылкысын тартып алган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренеси менен айыпталууда. Бирок сотто бул балдар көрсөтмө беришкен, аларга эч ким күч колдонгон эмес”, — дейт жактоочу.

  • 7-ноябрь күнү милицияга Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган уулунун минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Акын бул айыптоону четке кагып, аны ушундай жол менен шылдың кылып жатышканын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button