Коом

Салык кызматынын кызматкери бюджетке 52 млн. 870 миң зыян келтиргендиги үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды. 
      КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамы Н.С. жасалма документтерди жасап, Кыргыз Республикасынын бир жаранын жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында Республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 миллион 870 миң сомду түзөт.
2023-жылдын 25-январында Н.С. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button