Мындан улам анын маалымат кызматы президенттик учурун чагылдырган, көпчүлүк көрө элек 80 сүрөтүн жарыялады.
Эске салсак, Жапаровдун президенттик кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземи 2021-жылдын 28-январында өткөн. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болуп, ага кыргызстандыктар жана чет элдиктерди кошкондо 1000ге чукул адам катышкан.