Коом

Бишкекте 39 жаштагы кишинин жансыз денеси өрттөнгөн үйдөн табылды

Кечээ, 14-февраль күнү Свердлов районунун Дачная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине 2 өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1983-жылы туулган эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген. Жалпы турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button