Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, министрликтин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директорлугуна Союзбек Надырбеков дайындалды.
Союзбек Надырбековду министр Алтынбек Максутов эмгек жамаатка тааныштырып жатып, “Союзбек Надырбекович биздин министрликке жат киши эмес, буга чейин министрликте орун басарлык кызматты аркалап, өзүн мыкты жетекчи, мыкты мамлекеттик кызматкер катары көрсөтө алды. Анын ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, иш билги кесипкөйлүгү аталган маданий борбордун ишинин алга жылышына өбөлгө болот деп ойлойм”,- деди.