Коом

Бишкекте өзүнө өрт койгон киши көз жумду

28-февралда саат 16:00 чамасында Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнө өрт койгон. Ал клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. 

Шаардык ооруканадан жаран тууралуу кыскача маалымат берип, анын селсаяк болгонун жана өзүнө өрт койгон учурда кандайдыр бир зат колдонгон болушу мүмкүн экенин айтышкан. Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөнүн айткан. Ал эми Свердлов РИИБ окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button