Адептүүлүктүн артына жашынган эки жүздүүлүк…

Кыргызстанда кайсы  бийлик тушунда болбосун  жетекчилик кызматтарды ээлеп, саясатта өз ордун тапканга аракет кылган саясатчылардын белгилүү бир тобу бар.

Ийгиликке жетишсе баарына ыраазы болуп, болушунча  бийликти коргоп, ачык эле өлкөнүн биринчи адамдарына жагынууга аракет кылышат.

Бирок Кудай сактасын, эгер алар планын ишке ашыра албай, чоң саясаттан четте калышса, дароо эле өлкөдө демократияны, сөз эркиндигин жактаган сыяктанган  “айласыз оппозиционерлерге” айланып кетишет. Карапайым элге алар жана алардын жактоочулары өздөрүн  мекенчил катары көрсөтүүгө  аракеттенип, Ата Мекенге чын жүрөктөн күйүп жаткан жүздү  көрсөтүшөт.

Эгер байкасаңыз алар саясатчылардын эски гвардиясы: Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Исхак Масалиев жана башкалар.

Жакынкы эле күндөрү болгон  Кемпир-Абадды жактайбыз деген алардын бир окуясын  эске салалычы. Бул окуяда А. Мадумаров өзгөчөлөндү. Мейли кимге кандай, бирок мындай маселеде Мадумаров  унчукпай отурушу керек эле.  Анткени, анын кыргыз жеринин бир бөлүгүн коңшу Тажикстанга кантип өткөрүп берүүгө аракет кылганын көпчүлүк унута элек.  Албетте  бул негизсиз айыптар эмес. Анын колу коюлган документтер бар.  Ал эми Мадумаров Бакиевдин командасынын катарында отставкага кеткенде жакшы шарт түзүлбөгөндө бул жерлер эбак эле коңшуларга өтүп кетмек.

Бирок эң коркунучтуусу, тажик тарап Мадумаровдун мындай арам ойлорун маанилүү документ катары баалап, анын айынан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бир эмес эки жолу карапайым элдин каны төгүлдү.

Кайсы бир кадыр-баркы жок  адам үчүн бул чоң саясатка барбай, баш аламандыктарды жаратпай жашаса жетиштүү болмок.

Бирок бул Мадумаров гана тууралуу пикир эмес. Кемпир-Абад боюнча маселени чечип жатып, мурдагы оппоненти Бекназаров жана партиялашы Масалиев менен бирге «оозунан ак көбүк чыгып», алардын айтымында, Кемпир-Абадды коргоо аракетин көрүшкөн.

Бирок бул “үчтүккө” ишенүүгө болбойт. Эмне үчүн экенин билесиздерби?

Алсак, журналист Семетей Аманбеков 2002-жылы май айында Кытайга жер берүү чечимин парламент бекиткенде үчөө тең парламенттин жыйынын тоготпой, ага келбей койгонун белгилеп жазды.

Журналист белгилегендей, азыр Кемпир-Абад боюнча жасаган билдирүүлөрү үчүн активисттер менен блогерлер жоопко тартылып жаткандан кийин, бул Мадумаров менен Масалиев кайра сырткы  тарапта калышты.

Ар дайым алардын жанында болуп, ден соолугун, кадыр-баркын кетирип коргоп келген колдоочуларына өкүнүчтүү.

Черчилль айткандай: «Биздин досубуз да, душманыбыз да жок, кызыкчылыктарыбыз бар».

Алардын кызыкчылыктарына жооп берген башка сценарийдеги бул “керемет үчилтик” душмандары менен да, достору менен да заматта биригип, көз карашын түп-тамырынан бери өзгөртө аларына бөркүнүздөй ишениңиз.