Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жол эрежесин бузгандарга жаңы жоопкерчиликтер боюнча түшүндүрүүдө

8-марттан баштап, Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга карата күчөтүлгөн жаза колдонула баштайт.

Ушундан улам, Ысык-Көл облусунун жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алардын айтымында, мурун айдоочу мас абалында автоунаасын башкарганга 17500 сом өлчөмүндө айып пул төлөп келишсе, эми жаӊы мыйзамдын талабы бонча мас абалында унаасын башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. 

Жаңы айып пул өлчөмдөрү жол эрежелеринин башка тизмелерине да кирген. Мисалы, автоээнбаштык кылгандыгы үчүн айдоочу 15000 сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек, эгер бул окуя кайталанса, анда айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажыратылат.

Белгилеп кетсек, 2022-жылдын аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында 385 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 87 адам каза тапса, 727 денелеринен жаракат алышкан. Мас айдоочулардын айынан 32 жол кырсыгы орун алып, анда 4 адам каза болсо, 58 жаракат алышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button