Коом
9-мартка карата аба ырайы
Бейшембиде күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +11…+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, ал эми Нарында -1…+4 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15 жана Ош калаасында +18…+20 градуска жетет.