Таласка 25 манасчы келди, алар 9 күн бою тынбай манас айтышат

Талас облусуна Кыргызстандын аймагынан 25 манасчы келди. Алар 13-марттан 21-мартка чейин күнү-түнү манас айтышат.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, улуу өнөрдүн устаттарын облус башчысы Нурлан Дарданов тосуп алды.

Маалыматка ылайык, 21-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында Манастын айкели ачылып, анын урматына манасчылар күнү-түнү манас айтышмакчы.

Тогуз күн манас айтууга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назаркул Сейдракманов, Рысбай Исаков, Камил Мамадалиев сыяктуу белгилүү манасчылар жана эң жаш манасчы 6 жаштагы Бекжан катышат.