Кара-Балталык тургундун сөөгү Украинадагы согуштан келгени маалымдалды

Кара-Балталык Тимур Гатиятулиндин сөөгү Украинадагы согуштан келгенин «Турмуш» жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-мартта аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал 1978-жылы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. 2012-жылы Орусияга көчүп кеткен. 2022-жылдын ноябрь айында өз эрки менен Украинадагы согушка кеткен. Ал 2023-жылдын январь айында каза болгон.