Дарыгер: тамактын кычышуусу олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүн

Тамак адатта суук тийгенде кычышат. Бирок адам бир нерсени жутканда дайыма эле тамагы ооруп, кычышса, ал өнөкөт оорудан кабар бериши мүмкүн.

“Эгер мындай симптом эки ай сайын же тез-тезден кайталана берсе, көз жумуп койбош керек. Өзгөчө бул синдромду алып жүргөн фарингит илдети кооптуу, анын айынан мурундун былжыр чели сезгенип, дем алуу начарлайт. Акыры гайморитке алып келиши мүмкүн. Тамак аба кургап кеткенде да кычышат, бирок ден соолугу чың адам мындай нерселерге көп реакция кылбашы керек”, — деди дарыгер.

Тамактын кычышуусуна кулак, мурун, тамак ооруларынан сырткары, препараттарды дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүү, ашказан илдети, тамак сиңирүү системасындагы көйгөйлөр да себеп.