ВИДЕО: Караколдо мектептин жанында унааны чимирилте айдаган айдоочуга 15000 сом айып пул салынды

16-март күнү социалдык тармактарда маалымат таркап, анда маалыматтын автору «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айлоочусу Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиянын жанында автоээнбаштык кылып, кетип калганын билдирген.

Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын инспекторлоруна берилип, айдоочунун өздүгүн аныктоо жана аны жоопкерчилкке тартуу боюнча тапшырмалар берилген.

17-март күнү милиция кызматкерлери мектептинжанында автоээнбаштык кылган айдоочунун өздүгүн аныктоого үлгүрүштү. Ал Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну Ш.С. болуп чыкты.

Айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189 (Автоээнбаштык) беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айдоочунун унаасы болсо, айып төлөнүчү жайга токтотулду, – деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.