Коом

УКМК: Панфилов районунун Курама а/а турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды — ВИДЕО

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, опузалап пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 17-мартында Панфилов районунун Курама а/а турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Р.Б.   жергиликтүү тургун А.С.Г. аттуу жарандан аны  административдик жоопкерчиликке тарттырбоо үчүн 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button