Бишкекте өтчү Нооруз майрамынын программасы жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады.

Маалыматка ылайык, расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө “Ала-Тоо” аянтында өтөт. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Маалымат менен кененирээк мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.