Жайында Бишкек – Абу-Даби жаңы аба каттамы ишке кирери күтүлүүдө

2023-жылдын июнь айында Бишкек менен Абу-Дабинин ортосунда жаңы аба каттамы ишке кирери күтүлүүдө. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Жаңы аба каттам “Манас” эл аралык аэропортунун потенциалын жана эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жардам берет.

Жакын арада Абу-Даби – Ош – Абу-Даби багыты боюнча аба каттамын ачуу пландалууда.