«Эргүү» улуттук театр сыйлыгына татыган таланттардын тизмеси

Театрдын эл аралык күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрында «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

«Эргүү» улуттук театр сыйлыгына татыган таланттар:

• Кенже “Эргүү”. Жаштар ойногон спектаклдеги аялдын эң мыкты ролу: Айтхан Муратканова, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын театр окуу жайында коюлган “Он экинчи күн” спектаклиндеги Дездемонанын ролу үчүн үчүн;

• Кенже “Эргүү”. Жаштар ойногон спектаклдеги эркектин эң мыкты ролу: Орозалы Эсеналиев, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын “Он экинчи күн” спектаклиндеги Мукамбет Шыйкымбаевдин ролу үчүн;

• Кенже “Эргүү”. Жаштар ойногон спектаклдеги эң мыкты артисттик ансамбль: Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын “Он экинчи күн” спектакли;

• Кенже “Эргүү”. Жаштар ойногон эң мыкты спектакль: “Он экинчи күн” — Кыргыз улуттук академиялык Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын студенттеринин спектакли;

• “Эргүү”. Эң мыкты дебют: Канат Самиев, Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын “Нүзүп аталык” спектаклиндеги Жагалданчынын ролу үчүн;

• “Эргүү”. Эң мыкты музыкалык жасалга: Муратбек Бегалиев, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын “Төлгө” спектаклинин музыкалык жасалгасы үчүн;

• “Эргүү”. Эң мыкты сценография Бакыт Тилекматов, Ош Улуттук драма театрынын башкы сүрөтчүсү;

• “Эргүү”. Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн: Нургүл Кулмамбетова, Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын “Кумурска – токой сакчысы” спектаклиндеги Зонтикчен багбан кумурска ролу үчүн;

• “Эргүү”. Эң театр таануу эмгеги, театр сыны жана театр журналистикасы үчүн: Людмила Молдалиева — театр сынчысы, “Сахна… Сахна… Сахна…” монографиясы жана театр тууралуу макалаларынын топтому үчүн;

• “Эргүү”. Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн: Гүлжамал Абдыкадырова. Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын артисти;

• “Эргүү”. Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн: Урпия Орунбекова — Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын реквизит бөлүмүнүн башчысы;

• Экинчи пландагы аялдын ролун эң мыкты ролун аткаргандыгы үчүн: Гүлайым Каниметова, Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын “Төлгө” спектаклиндеги Чыйырдынын ролу үчүн;

• “Эргүү”. Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн: Бакыт Мойдунов, Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын “Сунуш” спектаклиндеги атанын ролу үчүн;

• “Эргүү”. Эң мыкты улуттук пьеса: Айжамал Масылбекова, “Кулан” пьесасы — Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрында сахналаштырылган;

• “Эргүү”. Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль: “Кумурска токой сакчысы” спектакли – Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын спектакли;

• “Эргүү”. Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль: “Боранды бекет” — Азербайжан Мамбетов атындагы муздрама театры.(Казахстан, Астана);

• “Эргүү”. Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн: Лариса Любомудрова, Кыргыз Республикасынын эл артисти;

• Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн: Арген Тойчиев, Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын “Эзоп” спектаклиндеги Эзоптун ролу үчүн;

• “Эргүү”. Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн: Кристина Фойкина, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын “Любовь замурованное в янтаре” спектаклиндеги Хелена (жена ювелира) ролу үчүн;

• “Эргүү”. Эң мыкты режиссура Эркин Эгембердиев — “Учур”театрында “Нүзүп аталык” спектаклин койгондугу үчүн;

• Эң мыкты спектакль “Нүзүп аталык” – “Учур” театрынын спектакли;

Ошондой эле Кыргызстан театр ишмерлер союзунун башкармалыгынын атайын сыйлыгына КРнын эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева, Кыргыз улуттук Абуакир Изибаев атындагы циркинин чабандестер тобунун жетекчиси Алмаз Райымкулов жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “8 аял” спектаклин жараткандар ээ болду.

Андан тышкары, «Рыскулов атындагы театр сыйлыгына» Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын актёру Жеңиш Сманов, «Күйүкова атындагы театр сыйлыгына» Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын актрисасы Айнура Тургунбаева, «Жумадылов атындагы театр сыйлыгына» Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын актёру Элдияр Жарашев, «Абдыкадыров атындагы театр сыйлыгына» Азербайжан Мамбетов атындагы Казахстан драма жана комедия мамлекеттик театрынын режиссёр- коючусу Уланмырза Карыпбаев, «Козукеев атындагы театр сыйлыгына» Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш жеткинчектер театрынын актёру Нурбек Эсенгазы татыды.

Кеченин соңунда “Дем” театрынын актёрлору Ички иштер министрлигинин “Ардак грамотасы” жана төш белгиси, Жогорку Кеңештин “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.