Коом

Жарандарга «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат

Жарандарга «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Баткен токой чарбасы эскертет.

Маалыматка ылайык, мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүп жатат. Жарандарга 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботникалык коруктун аймагына кирүүгө болбойт.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, «Айгүл-Таш» мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button