УКМК: Кыргызстандын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын жаран “Х.А.Х.” кармалды

КР УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын жараны Х.А.Х аныкталып кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал “И.М.”» ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.

Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.