Коом

Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштады. Статистика

Былтыр Кыргызстанда уйлардын сүт берүү көрсөткүчү соңку 10 жылдыктагы рекордду жаратты. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Тагыраак айтканда, 2022-жылы орто эсеп менен алганда бир уй 2 тонна 14 килограмм сүт берген (Статком литр менен эмес, килограмм менен эсептейт).

Эгер соңку жылдарга салыштырып көрө турган болсо, мындай көрсөткүч 2012-жылы катталган болчу. Анда бир уйдан 2 тонна 23 килограмм сүт саап алышкан.

Жылдар боюнча маалымат:

2012 — 2 023 кг;

2013 — 2 013 кг;

2014 — 2009 кг;

2015 — 1998 кг;

2016 — 1978 кг;

2017 — 1984 к;

2018 — 1987 кг;

2019 — 2002 кг;

2020 — 2006 кг;

2021 — 2009 кг;

2022 — 2014 кг.

Статкомдун ачык маалыматында эң жогорку көрсөткүч 1990-жылы болуп, бир саан уйдан 3 070 килограмм сүт алынганы айтылган. Эң төмөнкү көлөм 1994-жылы байкалып 1,8 тонна болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button