Коом

Биринчи айым Айгүл Жапарова өзү билим алган Түптөгү мектебине барды

Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айылында №15 орто мектептин модернизициядан кийинки имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

АРИСтен билдиришкендей, мектептин ачылышына биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышты.

Мектептин имараты 1976-жылы курулган. Андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, мектеп энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарына жооп бербегендиктен, жылытуу мезгилиндеги суук класстар окуу процессин ого бетер кыйындаткан. Оңдоо иштери 2022-жылдын май айында башталып, 2023-жылдын апрелинде аяктаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button