Көк бөрү: «Достук» «Ынтымакты» 4:1 эсебинде жеңди

Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин жетинчи күнү жыйынтыкталды.

Оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.

Күндүн жыйынтыгы:

  • “Ак-Суу” — “Биримдик” эсеп 3-6;
  • “Токтогул” — “Талас” эсеп 2-6;
  • “Кара-Кулжа” — “Талас шаары” эсеп 9-0;
  • “Бишкек-Сергүү” — “Жети-Дубан” эсеп 9-1;
  • “Сары-Өзөн” — “Мурас” эсеп 5-1;
  • “Достук” — “Ынтымак” эсеп 4-1.

Ал эми бүгүн, 8-майда “Ысык-Ата”- “Улар” 3-4 орунга беттешет.  “Альянс-Алтын”- “Жаштык” 5-6-орунга беттешет, “Өзгөн”- “Ийгилик” финал үчүн беттешет.