БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы башка өлкөлөргө социалдык келишим долбоорун колдонууну сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) 2022-жылы социалдык келишим долбоорун жакырчылыктан чыгуунун эң эффективдүү моделдеринин бири катары таанып, бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштады.

Министрлик белгилегендей, КР Президенти Садыр Жапаровдун бул демилгеси үй-бүлөлөрдү ишкерликке тартуу аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга багытталган. 2022-жылы 2800 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сом алып, киреше алып келүүчү бизнес-пландарын (күнөскана, таш таман өндүрүү, унаа оңдоо, ширетүү, мал жана жеке чарба ж.б.) ишке ашырып башташкан.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бизнес-пландардын 59%ы айыл чарба, 24%ы өндүрүш, 17%ы соода жана тейлөө тармагында аткарылган.

Долбоорлорду ишке ашыруу менен 15 миңдей адамдын, анын ичинен 8 миңден ашык баланын жашоо-тиричилиги жакшырды.

2023-жылы 10 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан республикалык бюджеттен 1036,0 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 10 796 арыз түшүп, анын ичинен 9 500 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тандалып алынган.

БУУнун ДАПы бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштайт.