УКМК: Кыргызстандан Казакстанга 25 килограммдан ашык мыйзамсыз күмүш алып чыккандар кармалды

2023-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Ак-Жол-Автодорожный” өткөрүү пунктунда, жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок Казакстан Республикасы тарапка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстан Республикасынын Б.А.М аттуу жараны кармалган.

Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.