D Billions – бул жалпы Кыргызстандын сыймыгы! Акылбек Жапаров команда менен жолукту

“Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялянын кызыктуу жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Силердин ийгилигиңерге шыктануу менен өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды.

Биздин милдет — бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, — деди Жапаров.

Өкмөт башчы аларды “Маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн” Ардак грамотасы менен сыйлады.

D Billions – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.  Англис тилдүү “D Billions” каналынын 25 млн ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон.