ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин балдарына майрамдык маанай тартууланды

1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери ѳз балдары үчүн иш-чара уюштуруп, балдарга жылуу майрамдык маанай тартуулашты.

Балдарды майрамы менен командирдин орун басары- штаб башчысы милициянын полковниги Камчиев Нурлан Дадабаевич куттуктап “Балдарыбызга бүт мээримин төгүп, аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө, Мекенибиздин татыктуу жараны кылып тарбиялоого күч-аракетин, бүт акылын, билимин жана өмүрүн арнаган ата-энелерге терең ыраазычылык билдирди. “Балдарым баарыңарга бактылуу балалык, бекем ден соолук жана жаркын келечек каалайм” деди ѳз сѳзүндѳ.


Андан соң, полктун Чүй облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан атайын кѳнүгүүлѳр кѳргѳзүлдү.
Ошондой эле, балдар үчүн атайын шоу-программа тартууланып, майрам “Дүйнѳ балдардын кѳз карашында” аталыштагы асфальтка сүрѳт тартуу жана кѳркѳм ыр айтуу боюнча конкурстар менен коштолуп, жыйынтыгында эң мыкты сүрѳт тарткан жана ыр айткан балдар атайын белектер, медаль, грамота менен сыйланышты. Майрамдын соңунда балдар үчүн балмуздак жана накта суусундуктар тартууланды.
Андан тышкары, ѳздүк курам кесиптештеринин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарынан кабар алып, материалдык жардам кѳргѳзүштү.
Ушундай эле жардам полктун жер-жерлериндеги бѳлүктѳрүндѳ дагы кѳргѳзүлдү.