▪️4-июнда ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн дагы азайтуу боюнча талкуулайт. Бул мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө алып келет
▪️Батыш өлкөлөрүнүн россиялык мунайга баанын чегин киргизүүсү менен анын өндүрүшү кыскарды. Бул баанын жогорулашына алып келди
▪️Дагы бир себеп – Кыргызстандагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо ремонт иштери болот
▪️Санкт-Петербург товар биржасында май айында бензиндин алмашуу баасы өзүнүн тарыхый максимумуна жетти. Россия бензинди экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат
▪️Кыргызстандын жеткирүүчүлөрү июнь айы үчүн ресурс менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга туш болушууда. “Бүгүн маселе баада эмес, Кыргызстанга бензин жөнөтүү үчүн ресурстун болушунда болуп жатат”.