ВИДЕО: Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга келди

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келди, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Шарль Мишель Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Ошондой эле, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары башталат.