Төкмө акын Кубат Тукешев: «Ала-Тоо» аянты концерт көрө турчу жер эмес экен»

Төкмө акын Кубат Тукешев соцтармактагы баракчасына «Ала-Тоо» аянтына концерт көргөнү экинчи барбай турганан айтты.

«Концерт жакшы эле болду. Бирок жоголгон балдар, кыйналган ата-энелер, бутуңду койгонго жер жок, жакын барайын десең, үндүн бийиктиги кулагыңды жарчудай, алыстан көрүнбөйт, отурганга жер жок, турайын десең бутуң талыйт. Баламды жоготуп ийип, кайра табылып калды. Балдарын издеген ата-энелер, ата-энелерин издеген балдар, унаа тыгын, эл тыгын. Иши кылып, майрам күн негативге айланды. Борбордук аянт концерт көрө турчу жер эмес экен. Бул борбордук аянт да. Бизге бир чоң, 100 миң орундук стадион керек экен. Ошол стадионубуз эрте курулуп калсын», — деди ал.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында концерт өткөн. Анда D Billions’тун концертин көрүүгө миңдеген адамдар келишкен.