Окуялар

УКМК: Ишкерди коркутуп, 150 миң сом акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында  узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Аталган адамдар 2023-жылдын 1-июнунда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, статьясына ылайык келет. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button