Бишкекте өтүп жаткан Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы финалга чыкты, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт

Жуманазарова 68 кг категорияда казакстандык балбан Елена Шалыгинаны 1:1 эсебинде жеңип, 1/2 финалдык беттеште монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилди. Ал финалда канадалык балбан менен күч сынашат.

Айпери 76 кг категорияда украиналык балбанды 10:6 эсебинде, кытайлык балбанды 6:3 эсебинде жеңди. Спортчу эми кытайлык балбан менен чыгат. 

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.