Коом

Ноокат районунда 22 мал уурдоого шектүү кармалды

23-май күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын сегиз тургуну Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Анда алар апрель айында жалпы 22 баш малын жайытка айдашып, ошол бойдон таппай калышкандыгын билдиришкен.

Аталган арыздар Ноокат РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Жарандарга жалпы 1 420 000 сом материалдык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө-иш чараларынын негизинде шектүү катары ушул эле райондун 33 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү уурдалган малдарды Ноокат районундагы мал базарда жана өзү жашаган үйүнөн мал алып сатып иштеген атуулдарлды чакырып саткандыгы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 5 баш мал ээлерине кайтарылды.

Учурда мал урулукка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button