Коом

Беш күндөн бери дайынсыз. Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала изделүүдө

Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бала Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн деп божомолдонууда. 19-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 18 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 20-июнда издөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button