Коом
Шашылыш билдирүү! Тынымсыз жааган жамгырдан сел жүрүшү күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-июлунан 30-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел-кыян каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн, чарбактардын жанындагы арыктарды таза кармоону эскертти.



