Без рубрикиМаданият

Кайрат Нуртас жол эрежесин бузган үчүн кандай жаза алды?

Казакстандын эстрада ырчысы Кайрат Нуртас жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды. 25-августта социалдык тармактарда Кордай районунда ырчынын жол эрежесин бузган видеосу тараган. Анда ырчы жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткени айтылган. Мыйзам боюнча бул үчүн айдоочу айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы керек.

Интернет колдонуучулар экиге бөлүнүп, күйөрмандары жол тилкеден ары өтпөгөнүн, жолдогу белги араң көрүнөрүн жазышса, ырчынын бул кылыгын сынга алгандар «Ага болот, ал жылдыз да», «Досунун чакырыгын кайталайт» (ред. болжолдуу кеп Торегали Тореали жөнүндө) деп жазышкан.

Жамбыл облустук полициясынан билдиришкендей, Mercedes-Benz W222 унаасынын 37 жаштагы айдоочусуна жол кыймылынын эрежелерин эске албагандыгы үчүн административдик протокол түзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button