Маданият

Ырчы Айгерим Расул кызы «Lady World» сулуулук сынагына катышат

Ырчы Айгерим Расул кызы «Lady World» дүйнөлүк сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу ал инстаграм баракчасында билдирди.

Ырчынын айтымында, бул сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышат. Ал Сочи шаарында өтүп, 12 өлкөдөн 40 айым чоң байге үчүн күрөшөт.

«Ушул күнгө чейин элим үчүн, жерим үчүн ак эмгегимди жумшап аракеттенип келем. Азыр эми жаркын тилегиңер менен ак батаңыздарды жайып, мага бул кароо сынактан жеңишке жетүүгө өбөлгө болуңуздар! Сиздердин колдооңор мен үчүн абдан маанилүү. Кыргыз элимдин ар намысын бийик тутуп, болгон күч аракетимди жумшайм!», — деп жазган ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button