Коом

Ошто айрым көчөлөр бир айга жабылат. Себеби

Ош шаарынын айрым көчөлөрү 9-сентябрдан 9-октябрга чейин жабылат. Анткени Ош Жылуулук электр борбору кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Навои менен Ленин көчөлөрүнүн (Филармония) кесилишинен Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүк, андан ары Бөрүбаев көчөсүнө чейинки бөлүк (ОшМУ башкы корпус) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Ошол эле учурда Ленин жана Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинен Бөрүбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө кыймыл убактылуу эки тараптуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button