16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын башкы спорттук аренасында – Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Кыргыз Республикасынын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши орун алат.
Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону – «Абдыш-Ата» (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты «Мурас Юнайтед» футболдук клубдары кез келишет. Оюн саат 20:00до старт алат.
Кыргыз Республикасынын кубогу 32-жолу ойнотулат. Премьер-Лигага бул жылы гана кошулган «Мурас Юнайтед» менен кубоктун учурдагы жана бешинчи жолку ээси «Абдыш-Ата» олжо үчүн талашка түшүп, оюндун көрүүчүлөрүн эң кызыктуу Финал күтөт.

Беттештин түз берүүсү «Кыргыз Спорт ТВ» каналынын Ютуб платформасында жана Мегалайн, Акнет, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот. Билеттер https://kassir.kg/ сайтында сатыкта.