Нарында II, III, IV, VI кылымдарга таандык петроглифтер табылды

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагынан сак дооруна таандык петроглифтер табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, тарыхый табылгалар коруктун кызматкерлери тарабынан 4-сентябрдан 11-сентябрга чейин жүргүзүлгөн экспедиция учурунда табылган.

“Петроглифтер тартылган жаныбарлардын изи түшүрүлгɵн таштар биздин заманга чейинки II, III, IV, VI кылымдарга таандык”, – деп белгиледи Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин тарых институтунун доценти Солтобаев.