18 жаштамын, мектепти бүткөндөн кийин ата- энем менин каршылыгыма карабай чет жака ээрчитип кетишти. Кыргызстанда ата- энесиз сойку болуп кетесиң дешти. Мен жакшы балл алып, ар дайым жакшы окуу жайга тапшырсам деп кыялданар элем.Бирок мени менен бул ирет да эч ким эсептешкен жок.
Ата- энемдин ою боюнча жатаканада жашаган бардык студент кыздар жигиттер менен чогуу тамактанып, чогуу жатышат. Балким алардын кезинде ошондой беле жу бул жөн гана алардын тайыз түшүнүгүбү айтор билбейм.
Чет өлкөгө биринчи өздөрү кетип, көп өтпөй мага билет алып чакырып алышты. Мектепти эми бүтүп студент болор кезимде мени иштөөгө мажбурлашты. Айына 40-50 миң табам, бирок бир тыйын да беришпейт. Айлык-акым түз эле алардын банктык картасына барып түшөт. Мен өзүмдү жаштардай сезбейм. Эл катары жакшынакай кийинип жүргүм келет. Эртең менен чуркагым келет бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок. Таң аткандан күн батканга чейин жумуштан башым чыкпайт.
Психикалык жактан бузулуп, аппетит жок, салмагым 41 кг болуп калдым. Эмне кыларымды билбейм, ата- энем менен жакшы сүйлөшүүгө аракет кылдым. Алар: “Азыр жаштар ушундай болуп калды, улуларды сыйлабай калды. Биз сени чоңойттук, өстүрдүк, бул сенин ыраазычылыгыңбы?» дешет.
Мен үйдүн кичүү кызымын, эки эжем бар, алар турмушка чыккан, алар ата- энеме материалдык жактан жардам беришпейт.
Жакында билдим ,ата- энем менин айлык маянамды алып, ай сайын аларга кымбат баалуу белектерди берип турушат экен. А менде жада калса жылуу кийимдер да жок. Учурда Москва суук болуп калды. Жылуу кийим керек десем, эжелериңе ылайыктап сатып ал да, алардын эскилерин өзүңө ал дешет.
Сураныч, урматтуу апалар, балаңыз сизге эч нерсе карыз эмес экенин акыры түшүнүңүздөрчү! Мен бүткүл дүйнөнү алардын бутуна ыргытмакмын, бирок алардын тынымсыз нааразычылыгы менин каалоомду өлтүрдү, азыр аларды жөн эле жек көрөм.