Коом

ЖКнын тармактык комитети бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү мыйзам долбоорун колдоду

Демилгени Надира Нарматова баштаган депутаттар көтөргөн. Алар коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты, тынымсыз отчет берүүнү жана финансылык операцияларын купуя сыр кылбоону талап кылууда.  

Авторлордун айтымында, бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, акцияларды уюштуруп, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө каршы келген чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушат.  

Эгер мыйзам кабыл алынса “чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм” түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды “чет элдик агент” деп аташат. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button