Окуялар

УКМК: Мамлекетке 36,9 млн сом чыгым келтирген. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды — ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 16-октябрында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери Н.Д.А., И.А.Х., К.М.Э., М.Ж.Ж. ошондой эле Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Х.Ж. кармалды.

КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button