Коом
Баткенде 100 жаштан ашкан 12 карыяга жардам көрсөтүлдү

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы аймакта улгайган адамдарга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланып, карыларга жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.
Жардам алгандардын арасында 120 жаштагы Нурахмедова Айымча апа менен 103 жаштагы Пазылов Мийзам ата да бар.

Айымча апанын 6 баласы, 48 небереси, 24 чебереси, 14 кыбырасы, ал эми Мийзам атанын 5 баласы, 100гө жакын небере, чебере жана кыбырасы бар.
Бул саамалыктын алкагында Баткен шаарында жашаган 80 жаштан ашкан 150дөн ашуун карыяга жардам көрсөтүлдү.



