Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

УКМКнын башчысы, футбол союзунун жетекчилиги жана өлкө клубдарынын өкүлдөрү жергиликтүү футболдун учурдагы көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.

Ташиев спорттун башка түрлөрү сыяктуу эле футбол дагы өлкөнүн кадыр-баркын көтөрө турганын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы спорттун бул түрүнө тыкыр көңүл буруларын убадалады. Ал мамлекет мындан ары да футболго колдоо көрсөтөрүн айтты.