Сальвадордо “Аалам сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

“Аалам сулуусу-2023” титулун никарагуалык Шейнис Паласиос жеңип алды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары Х соцтармагына жарыялашты.

Сулуулар таймашына 80 мамлекеттен келген бийкечтер катышкан. Шейнис модель, 23 жашта.

Аалам сулуусу” эл аралык сынагынын финалы Сальвадордо өттү, кезектеги конкурс Мексикада уюштурулат.